Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Трамп АКШ-Орусия алакасы оңолорунан үмүттөнөт


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимр Путин кол алышып учурашууда. 16-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимр Путин кол алышып учурашууда. 16-июль, 2018-жыл.

Хелсинкиде президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путинди жолугушуу өтчү президенттик сарайдын астанасынан фин лидери Саули Ниинистё тосуп алды. Ал ага чейин Трамп менен жолугушуп, эртең менен тамак үстүндө сүйлөшкөн. Америкалык лидер Хелсинкиге жекшембиде, Путин дүйшөмбүдө түшкө маал барды.

Эки президент журналисттердин алдында кол алышып учурашты. «Соңку бир катар жылдары ортобуздагы алакалар анча жакшы болгон жок, эми эки өлкөнүн мамилесин оңдоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат» деген Трамп «Орусия менен мамилени оңдоо жакшы иш» деп баалады.

Трамптын айтымында, жолугушууда соода, өзөктүк курал маселелери талкууланып, Кытай тууралуу да сөз болот. Америкалык лидер эки өлкө "өз ара алакасын оңдойт" деп ишенип турганын да билдирди.

Путин АКШнын президенти менен эл аралык жыйындарда жана телефондон бир нече жолу сүйлөшкөнүн белгилеп, “эки тараптуу жана дүйнөдөгү талуу маселелерди кеңири талкуулоого мезгил жетти” деп айты.

Трамп менен Путин көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин делегациялардын катышуусунда жолугушуу уланат. Эик лидер сүйлөшүп жаткан маалда мамлекеттик катчы Майк Помпео менен тышкы иштер министри Сергей Лавровдун да жолугушуусу өтөт.

Ак үй жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай расмий декларация кабыл алынбай турганын билдирди. Эки лидер чогуу басма сөз жыйынын өткөрөт.

Трамп-Путин жолугушуусу үчүн Хелсинкиде, өзгөчө шаардын борбордук бөлүгүндө коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жекшемби күнү Финляндиянын борборунда АКШ - Орусия саясатына каршы миңдеген адам демонстрацияга чыккан.

АКШ менен Орусиянын үчүнчү, бейтарап өлкөдө саммит өткөрүшү - эки тараптуу мамиленин тарыхында салттуу эле көрүнүш. Хелсинкиде 1970, 1990-жылдары мурдагы СССР менен АКШнын, кийин Орусия менен АКШ лидерлеринин саммиттери буга чейин да өткөн.

XS
SM
MD
LG