Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Хелсинки: Трамп менен Путин жолугушууда


Трамп менен Путин, Хелсинки, 16-июль, 2018-жыл
Трамп менен Путин, Хелсинки, 16-июль, 2018-жыл

16-июлда Финляндиянын борбору Хелсинкиде АКШ менен Орусиянын президенттеринин көптөн бери күтүлгөн эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Эки лидердин көзмө-көз сүйлөшүүсү эки сааттан ашык убакытка созулду.

Башынан эле так күн тартиби белгиленбеген саммиттин жыйынтыгында олуттуу жыйынтык күтүлбөгөн сыяктанат. Аны Вашингтон да, Москва да четке каккан жок. Эки тараптуу жолугушуунун жуп алдында АКШда Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемеси ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлду. Алар "2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн учурунда Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашкан" деп айыпталып жатышат.

Трамп менен Путиндин жолугушуусу Хелсинкидеги президенттик сарайда, Бишкек убактысы боюнча кечки саат бештен өткөндө башталган. Котормочулар гана катышкан көзмө-көз сүйлөшүүү эки сааттан ашык убакытка созулду.

Андан кийинки кыска сөзүндө АКШнын президенти Орусиянын президенти менен алгачкы эки тараптуу жолугушуусун "жакшы башталыш" деп сыпаттады. Андан мурда Путин менен көзмө-көз сүйлөшүүсүнүн кабарчылар үчүн ачык бөлүгүндө Трамп АКШ менен Орусиянын ортосунда "адаттан тыш" мамиле орнооруна үмүттөнө турганын йткан.

Эки президенттин көзмө-көз сүйлөшүүсүнөн кийин делагациялардын катышуусундагы жолугушуу башталды.

АКШ - Орусия делегацияларынын кеңири курамда жолугушуусу. Хелсинки, 16-июль, 2018-жыл.
АКШ - Орусия делегацияларынын кеңири курамда жолугушуусу. Хелсинки, 16-июль, 2018-жыл.

АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги азыркы сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде, буга чейин айтылгандай, маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде эки тараптуу карым-катыш, улуттук коопсуздук, Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Украина менен Сирия да бар.

Трамп-Путин жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Бирок, эки ортого ажырым салган талаштуу маселелер боюнча Вашингтон менен Москванын дароо эле мунаса табышы арсар өңдөнөт. Мисалы, эл аралык маселелерден, Сирия боюнча пикир алышуу жеңил болбосун Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков моюнга алды. “Биз Вашингтондун Иранга мамилесин жакшы билебиз. Бирок ошол эле учурда Иран биздин соода-экономикалык карым-катыш, саясий диалог боюнча жакшы өнөктөшүбүз. Андыктан пикир алышуу жеңил болбойт”,- деди Песков.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Сирия маселесинде АКШнын азыркы администрациясы бул өлкөдөгү жарандык согушта Орусия сыяктуу эле Башар Асаддын режимине жардам берип келе жаткан Иран өз күчтөрүн Сириядан чыгарып кетиши керек деп санайт.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков ошондой эле саммит эки тараптын биргелешкен расмий коммюникесиз эле аякташы мүмкүн экенин жокко чыгарбаса, саммитти “эркин жолугушуу” катары мүнөздөгөн президент Дональд Трамп өзү да анын алдындагы телеинтервьюларында күтүлгөн жыйынтыкты басаңдаткандай болду.

- Менимче, жолугушуунун өзү жакшы. Мен жолугушууларга ишенем. Орусия, Кытай, Түндүк Корея менен жыйын өткөрүүнүн өзү жакшы нерсе. Мындан эч жамандык чыкпайт, балким, кандайдыр бир жакшы нерсе болот, - деди Трамп жекшемби күнү CBS телеканалы обого чыгарган интервьюсунда.

Дональд Трамп жубайы менен Хелсинкиге келген учур. 15-июль, 2018-жыл.
Дональд Трамп жубайы менен Хелсинкиге келген учур. 15-июль, 2018-жыл.

Ал өткөн аптада Брюсселде кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Путинди “душман эмес, атаандаш” деп атап, мекенинде оппоненттеринин сынына кабылган.

16-июлда Трамп “Твиттердеги” баракчасында, АКШ менен Орусиянын мамилеси эч убакта азыркыдай начар болбогонун белгилеп, бул үчүн Кошмо Штаттардын узак жылдардан берки “акмактыгы” себеп деп жазды. Ал мамиленин бузулушуна АКШда атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөөнүн да салымы бар экенин кошумчалады.

Мунун алдында АКШда Конгресстин таанымал мүчөлөрү окуялардын соңку өнүгүшүн эске алуу менен Трампты Путин менен болчу саммиттен баш тартууга үндөп, бирок Ак үй ал чакырыктарды четке каккан эле.

Өткөн жума күнү Кошмо Штаттардын Башкы прокуратурасы Орусиянын негизги аскердик чалгын мекемеси - ГРУнун 12 офицерине расмий айып коюлганын жарыялаган.

Алар 2016-жылкы шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузуп кирүүгө аралашкан деп айыпталууда.

- Президентке айыптоо корутундусу тууралуу маалымат берилген. Бул нерсе Путин менен жолугушуусуна чейин чыгышына ал толугу менен даяр болгон. Иш жүзүндө мен бул маалымат анын турумун дагы бекемдейт деп айта алам. Бул ошондой эле АКШнын сот системасы, Юстиция министрлиги Орусиянын шайлоого кийлигишүү аракеттеринен кабардар экенин көргөзүп турат. Менимче, президент муну күн тартибине чыгарып, "биз талкуулай турган олуттуу маселе" деп айта алат, - деди Ак үйдүн улуттук коосуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жекшемби күнкү телеинтервьюсунда.

Жон Болтон.
Жон Болтон.

Орусиянын америкалык шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн Путин менен жолугушууда көтөрөрүн буга чейин Трамп өзү да айткан эле.

Ал 2016-жылы, анын шайлоо штабынын адамдары Орусия менен келишүүгө барганы тууралуу айыптарды такай четке кагып келет.

Трамп менен Путиндин жолугушуусу НАТОнун Брюсселдеги саммитинен кийин өтүп жатат. НАТО саммитинин билдирүүсүндө Орусиянын аракеттери Европада жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө “коопсуздук менен туруктуулукту начарлатканы” көргөзүлүп, Крымдын 2014-жылдагы аннексиясы дагы бир жолу айыпталган, ал эч убакта таанылбай турганы да баса белгиленген.

Трамп-Путин саммити үчүн Хелсинкиде, өзгөчө шаардын борбордук бөлүгүндө коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жекшемби күнү Финляндиянын борборунда Трамп менен Путиндин саясатына каршы миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышкан болчу.

АКШ менен Орусиянын үчүнчү, бейтарап өлкөдө саммит өткөрүшү - эки тараптуу мамиленин абалына карата чечилген салттуу эле көрүнүш. Тарыхка кайрылсак, Хелсинкиде 1970, 1990-жылдары мурдагы СССР менен АКШнын, кийин Орусия менен АКШ лидерлеринин саммиттери буга чейин да өткөн.

Хелсинкиде жекшембиде миңдей адам көчөлөргө чыгып, Путин менен Трампка каршы позициясын билдиришти. Алар "Хелсинки чындыкты көздөйт!", "Хелсинки тынчтыкты көздөйт!" деген ураандарды чакырып жатышты.

Хельсинки: Путин менен Трамптын жолугушуусуна каршылар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

АКШ-Орусия мамилесинин начарлашынын азыркы баскычы, Москва мүнөздөгөндөй, “аянычтуу абалга” түшкөнү Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан башталат. Буга жана Украинанын чыгышындагы Орусиянын аракеттерине байланыштуу мурдагы президент Барак Обаманын тушунда киргизилген санкцияларга бийликке Дональд Трамп келгенден кийин Конгресс мыйзамдык макам берген. Мыйзам талабына жана "Москва 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишти" деген айыптоолорго байланыштуу Трамптын администрациясы да орусиялык компанияларга, жеке адамдарга, Кремлге жакын айрым миллиардерлерге каршы санкция киргизүүгө, орус дипломаттарын чыгарууга барган. Өз тарабынан буга Орусия да жооп иретинде чара көргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG