Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн мелдеште жеңишке жетти


Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. 15-июль, 2018-жыл. Мадрид, Испания.
Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. 15-июль, 2018-жыл. Мадрид, Испания.

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык "Grand Prix of Spain" мелдешинде жеңишке жетти.

Испаниянын Күрөш федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, турнир 14-15-июль күндөрү Мадрид шаарында өттү. Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 59 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Финалдын 1/8 бөлүгүндө АКШнын өкүлү Алли Раганды, чейрек финалда орусиялык Кристина Элоеваны, жарым финалда казакстандык Алтынай Сатылганды жеңип алды. Финалда дагы бир казакстандык Мадина Бакбергенова менен таймашып жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Бул салмакта жалпысынан жети өлкөдөн 11 балбан кыз килемге чыккан.

Аталган мелдешке катышкан дагы бир кыргызстандык Мадина Надирова 53 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде венгриялык Денес Мерседести жеңип, финалдын 1/8 бөлүгүндө эквадорлук Валверда Мелендреске утулуп мелдештен четтеди.

Айсулуу Тыныбекова жана Мадина Надирова учурда Мадрид шаарында Жайкы Азия оюндарына даярдык көрүш үчүн машыктыруучу Нурбек Изабеков менен дарыгер Бактыгүл Алишеванын коштоосунда Мадрид шаарында машыгуу өткөрүп жүрүшөт. Айсулуу Тыныбекова жакында эле 22-23-июнь күндөрү Кытайдын Тайюань шаарында өткөн эл аралык мелдеште коло медаль тагынган. Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт.

XS
SM
MD
LG