Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:38

Трамп: АКШ менен Орусиянын мамилеси "эч качан мынчалык начар болгон эмес"


Дональд Трамп өз делегациясы менен.
Дональд Трамп өз делегациясы менен.

"АКШ менен Орусиянын мамилеси эч качан азыркыдай начар болгон эмес" деген пикирин Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен Хелсинкидеги жолугушуусуна бир нече саат калганда «Твиттерге» жазды.

Анда ал АКШда 2016-жылы болгон президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу иликтөө иштери боюнча пикирин билдирди. «Ал кездеги президент Барак Обама кийлигишүүгө эч кандай реакция кылган эмес. Эми болсо оппоненттерим мени Орусия менен «кутумга барган» деп айыптап жатышат» деп жазды Трамп.

Дүйшөмбүдө эртең менен Трамп Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолукту. Анын Путин менен жолугушуусу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.20да (Бишкек убактысы боюнча 16:30да) башталат. Президенттер бир жарым саат көзмө-көз сүйлөшүп, андан соң аларга делегация мүчөлөрү кошулат. Саат бешке жакын президенттер жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүшү керек.

Тарыхта биринчи жолу дүйнөдөгү эң ири өзөктүк державалардын лидерлеринин мындай жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсүнүн ачык жарыяланган күн тартиби жок. Трамп менен Путин Украинанын чыгышындагы жана Орусия аннексиялаган Крымдагы абалды талкуулашы күтүлүүдө. Андан тышкары Сириядагы кырдаал жана Иран маселеси козголушу мүмкүн. Трамп Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрө турганын ырастады.

XS
SM
MD
LG