Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

7-апрель көчөсүнө байланыштуу доо арыз сотто каралат


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бүгүн Бишкектин район аралык соту Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөрткөн чечимге байланыштуу доо арызды карайт. Мындай арыз менен сотко Бишкек шаарынын жашоочуларынан түзүлгөн "Биздин укук" коомдук фонду кайрылган.

Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан (Аалы Токомбаев көчөсү) Чүй проспектине чейинки бөлүгүн 7-апрель деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган башкалаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулганы айтылган. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган.

“Биздин укук” фондунун жетекчиси Калича Умуралиева шаардык кеңештин токтому мыйзамсыз экенин билдирип келе жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG