Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

“Берекет” базарындагы өрт боюнча иш сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги “Берекет” базарынын директору Рафкат Момункулов менен базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Берекет" базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында аты аталган эки адам кармалып, камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG