Кыргызстанда былтыр 155 миңден ашуун төрөт катталса, алардын 1100дөн көбү төрөт үйүнөн сырткары - үйүндө, жайлоодо, жолдо - көз жаргандар. Ушундай шарттардан улам былтыр 48 эне төрөт учурунда жана андан кийинки бир ай ичинде каза болгон. Бул тууралуу Эне-баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, төрөттөн көз жумгандардын 70% өлкөнүн түштүк аймагында катталган. Жети келин бир да жолу дарыгердин кароосунда болгон эмес, 36сы үй кожойкеси.
3-июлда Бишкек шаарындагы №2 төрөткананын короосунда кош бойлуу аял көз жарган. 7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта төрөгөн. Экөө тең айы-күнүнө жетип көз жарган. (КЕ)