Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Тажикстанда Байланыш кызматынын уруксатысыз телефон сатууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда Байланыш кызматынын расмий уруксаты болмоюнча чөнтөк телефондорду сатууга тыюу салынды. Аларды кызматтан сертификат алган компаниялар гана сата алышат.

«Тажикстандарттын» уруксаты менен ар бир телефондун сапатын текшерип, андан кийин гана сатууга уруксат беребиз», - деди Байланыш кызматынын төрагасынын орун басары Адолат Абдурахмонзода.

Анын айтымында, компаниялар сертификат алыш үчүн акы төлөшү керек. Ал чөнтөк телефондорду сатууга уруксат албаган төрт сатуучу жазага тартылганын кошумчалады.

Былтыр Байланыш кызматы өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу максатында мобилдик операторлор менен интернет-провайдерлерден NGN-байланышын өчүрүүнү талап кылган.

Сим-карталарды кайра каттоо да терроризм менен күрөшүү максатында жүргүзүлүп, бул өнөктүк 2017-жылы 30-апрелде аяктаган.

XS
SM
MD
LG