Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтөт


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялар иштеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, өткөн айда Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү.

- Сүйлөшүүдө жөнөкөй маселелерден оор маселелерге карай жылалы деген жыйынтыкка келдик. Кийинки айлампа биздин өлкөнүн аймагында өтөт. Жолугушуу Баткен облусунун аймагында болушу мүмкүн. Ушул айда деп сүйлөшкөнбүз. Учурда тактап жатабыз, - деди Разаков.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек.

Эки өлкө ортосундагы такталбаган аймактарда утур-утур чыр-чатактар орун алып келет. Акыркы жолу 4-июнда Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. (BkA) 

 

XS
SM
MD
LG