18-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 29...34;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38;
Баткенде түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26;
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28 градус ысык болот.
Бишкекте 18-июлда түнкүсүн өткөн өтөт, күндүз жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 33...35 градуска чейин көтөрүлөт.