Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Ооганстандын түндүгүндө жанкечтинин чабуулунан 20 киши өлдү


"Талибандын" согушкерлери Айт майрамында, ок атышуу токтогон учурда. Жалалабад, 16-июль, 2018-жыл.
"Талибандын" согушкерлери Айт майрамында, ок атышуу токтогон учурда. Жалалабад, 16-июль, 2018-жыл.

Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, кандуу окуя 17-июль күнү Сар-и-Пул провинциясында айыл аксакалдары "Талибандын" адамдары менен жолугуп жаткан учурда болду. Аймактан түшкөн маалыматтардын дагы биринде жанкечти өзүн мечитте жардырганы да айтылууда.

Кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок Сар-и-Пулдун провинция башчысы Абдул Каюм Бакизойдун айтымында, жанкечтинин жардыруусу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жооптуу.

Полиция башчысы кошумчалагандай, акыркы күндөрү Ооганстандын түндүгүндө "Талибан" менен “Ислам мамлекети” тобу ич ара кагылышып жаткан жана натыйжада эки тараптан 100дөй согушкер мерт болгон.

Ал арада ооган бийлик өкүлдөрү түштүктөгү Гильменд провинциясында "Талибандын" түрмөсүнөн атйын күчтөрдүн рейдинен кийин ондогон адамдар бошотулганын жарыялашты. Бошотулгандардын так саны белгисиз жана бул маалыматты "Талибан" азырынча ырастай элек. Негизи Гилменд провинциясынын 80% ашуунун азыр "Талибандын" согушкерлери көзөмөлдөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG