Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Орусияда падышанын атылганынын 100 жылдыгын эскеришүүдө


Орусиянын акыркы падышасы Николай II үй-бүлөсү менен.
Орусиянын акыркы падышасы Николай II үй-бүлөсү менен.

Екатеринбург шаарында, Орусиянын акыркы падышасы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү атылгандан соң алардын сөөгү ташталган жердеги диний жөрөлгөнүн башында бүгүн патриарх Кирилл өзү турду.

Ага чейин өткөн түндөн тарта бүгүн таңга чейин патриарх Кирилл баштаган миңдеген зыяратчылар 21 чакырым аралыкка диний жүрүш дагы жасашты. Алар падыша жана анын үй-бүлөсү атылган жерден алардын сөөгү ташталган жерге чейинки аралыкты басып өтүштү.

Орусиянын акыркы падышасы Николай II, анын жубайы жана беш баласы 1917-жылкы революцияда бийликтен баш тарткандан 18 айдан кийин, 1918-жылы 17-июлга караган түнү большевиктер тарабынан атылган.

Бул окуянын жүз жылдыгынын жуп алдында Орусияда акыркы генетикалык иликтөө падышанын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн буга чейин эле табылган сөөктөрүнүн нукуралуулугун ырастады.

Расмий маалыматка караганда, акыркы генетикалык иликтөөнү өткөрүү үчүн падыша Николайдын атасы Александр IIIүн сөөгү да эксгумацияланган.

Екатеринбургда мындан 100 жыл мурда падыша үй-бүлөсү менен атылган жерде 2003-жылы чиркөө тургузулган. 17-июлда диний жөрөлгөлөр Москва менен Санкт-Петербургда да өткөрүлдү.(UE)

XS
SM
MD
LG