Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Казакстанда кыргызстандык мигранттардын көбү кулчулукка кабылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанга барып иштеген кыргызстандык мигранттардын көбү кулчулукка кабылууда. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын мигранттардын абалы боюнча жаңы баяндамасында айтылган.

Баяндамада Казакстанда мигранттарга карата дискриминация күч алганына көңүл бурулган.

Укуктук макамына жараша Казакстанда мигранттарды иш берүүчүлөр жана ортомчулар пайдаланып, алар нормадан ашык жана акы албай иштеп жатышканы, паспортторун алдырып, ошонун айынан кулчулукка кабылган учурлар бар экени белгиленген.

Бул тууралуу маалыматтар болгон менен кыргыз бийлиги натыйжа берчү чара көрбөй келатканы да айтылат.

18-июлда федерациянын вице-президенти жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова баш болгон юристтер менен эксперттер Казакстанда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы боюнча маалымат беришет.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG