Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Бычак жеген мурдагы милиция башчысы реанимациядан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үй-бүлөлүк чырдан улам жарадар болуп ооруканага түшкөн Нурлан Сарчаев реанимациядан жалпы бөлүмгө которулду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде жатат. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Чүй милициясынын мурдагы башчысы, 43 жаштагы Нурлан Сарчаевди бычак менен сайган келин камакка алынганын Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Ички иштер органынын маалыматына караганда, окуя 17-июлда кечинде Свердлов районунда болгон. Үй-бүлөлүк жаңжалда санына бычак тийген Сарчаев ооруканага жаткырылган.

Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү келин 35 жашта экени кабарланды.

Сарчаев Чүй милициясынын башчылыгынан өткөн айда, Бурулайдын окуясынан кийин иштен алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG