Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Абдылдаев: Казакстанга элчи дайындоо маселеси жакында чечилет


Эрлан Абдылдаев. 27-апрель, 2017-жыл.
Эрлан Абдылдаев. 27-апрель, 2017-жыл.

Кыргызстандын Казакстандагы элчисин дайындоо боюнча жакында чечим кабыл алынат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Министр коңшулаш өлкөгө элчи дайындоо маселеси создугуп кеткенин, бул кызматка кылдат мамиле жасоо зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан бери дайындала элек. Акыркы жолу 2016-жылы мурдагы элчи Эсенгул Өмүралиев кызматын тапшырып берген соң кыргыз бийлиги бул өлкөгө элчи дайындай элек болчу.

Акыркы учурда саясий чөйрөдө Казакстанга элчилик кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин талапкерлиги каралып жатканы жөнүндө маалыматтар айтылган.

Казакстандан тышкары Кыргызстандын Өзбекстандагы, Малайзиядагы, Индиядагы, Ооганстандагы жана Азербайжандагы элчилери да дайындала элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG