Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Президент Жээнбеков жарандык коом өкүлдөрү менен жолугат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

19-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ала-Арча” резиденциясында өтчү президент менен жарандык коом өкүлдөрүнүн диалогуна 40 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү чакырылды.

Президент мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун алакасы, ортодогу маселелер боюнча пикир алмашат. Жолугушууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышпайт.

Буга чейин президент менен жолугушуу тууралуу бир катар жарандык активисттер социалдык тармактарга жазып чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG