Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлдөн кыргыз паспорту табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө паспорт алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл январда издөөдө жүргөн Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный Испанияда кармалган. Анын жанынан Кыргызстандын эки паспорту табылган. Бул иш боюнча Кыргызстандын ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ал паспортторду мыйзамсыз түрдө 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмү бергени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Мөөр, штамп жана башка документтерди жасалмоо” беренелери менен иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында Сузак райондук калкты каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси жана дагы бир кызматкери камакка алынды. Учурда тергөө уланууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG