Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Медиа: Скрипалдарды ууландырууга ГРУнун тиешеси бар


Полиция Солсберидеги Скрипалдар жашаган үйдү кайтарып турат. 5-июль, 2018-жыл.
Полиция Солсберидеги Скрипалдар жашаган үйдү кайтарып турат. 5-июль, 2018-жыл.

Англиянын Солсбери шаарында орусиялык мурдагы агентти кызы менен ууландырууну алты кишиден турган топ уюштурган. Анын башында Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемеси - ГРУнун кызматкери турган. Бул тууралуу Британиянын атайын кызматтарына таянып "Daily Mail" басылмасы билдирди.

Атайын кызматтар Солсбериге чукул жердеги Эймсбери шаарында уулангандардын биринин иниси Чарли Роулинин көрсөтмөсүнөн кийин ушундай тыянакка келишкен. Анын айтымында, Роули менен курбусу Дон Стержес Солсбериде атырдын шишесин таап алып, аны өздөрүнө чачып көргөн соң ууланышкан. Стержес 8-июлда ооруканада өзүнө келе албай жатып көз жумду.

Тергөөнүн версиясы боюнча 4-мартта Сергей Скрипаль менен кызы Юлияны ууландырууда бир аял негизги ролду ойногон. Бул тууралуу чалгын кызматтарында иштеген киши журналисттерге айтып берген.

"New York Times" басылмасы британ укук коргоо органдарына таянып, Скрипалдарды ууландыруунун артында Орусиянын атайын кызматы – ГРУ турганын жазып чыкты. Гезит Лондон полициясы “операцияны кимдер ишке ашырганын аныктоо алдында турганын” ишенимдүү булактарынан угуп жазды.

XS
SM
MD
LG