Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Президент четте иштеген журтташтар менен жолукту


Жолугушууда президент журтташтар менен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерликти өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү боюнча пикир алмашты.
Жолугушууда президент журтташтар менен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерликти өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү боюнча пикир алмашты.

18-июлда президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда президент журтташтар менен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерликти өнүктүрүш үчүн ыңгайлуу шарт түзүү боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле жыйынга катышкандар мигранттардын пенсия төлөмдөрү, медициналык камсыздандыруу, ишкерликке түзүлгөн шарттар боюнча маселелерди көтөрүштү.

"Мен фонддорду, коомдук бирикмелерди уюштуруп, өз айылына, кичи мекенине жардам берген биздин мигранттарга абдан ыраазымын. Акырындап эмгек мигранттары Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлоруна айланып баратышат. Алар өз эмгеги менен өлкөнүн экономикасына салым кошууда", - деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле президент миграцияны азайтыш үчүн региондорду өнүктүрүп, кайра иштетүү ишканаларын ачып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы аткарылган иштер боюнча маалымат берген.

Расмий маалыматтар боюнча учурда бир миллионго жакын кыргызстандык чет өлкөдө эмгектенип жүрөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG