Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Орусияда мигранттарды каттоо катаалдашты


Москвадагы мигранттар кармалган Сахарово борбору.
Москвадагы мигранттар кармалган Сахарово борбору.

27-июнда Орусияда чет өлкөлүктөрдү миграциялык каттоого алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

Эми өлкөгө ишке келген мигрант жашаган жеринде гана каттоого тура алат. Мурда жумуш берүүчү мигранттарды ишкананын юридикалык дарегине каттоого алса, эми ага уруксат берилбейт.

Москвада иштеген Мурзабек Досматов мыйзамдагы өзгөртүү Орусиядагы кыргызстандыктарга да таасир этерин айтууда:

Мурзабек Досматов.
Мурзабек Досматов.

- Мен ишкананын дарегине каттоого турчумун. "Батирде каттоого туруш керек" деген маселе жок эле. Полиция текшерип келип калса, иштеген жериңде катталганыңды айтып, эмгек келишимин көрсөтүп кутулуп кетет элек. Эми азыр жашаган жерге сөзсүз катталышыбыз керек. Буга батир берүүчүлөр макул болушпайт. Эки бөлмөлүү батирде жок дегенде он адам турат. Азыр деле полиция келсе, акча берип сүйлөшүүгө туура келет. Бир жолу кармалсаң айыппул, экинчи жолу кармалсаң депортация болосуң. Бул адат күчөйт, оор болот бизге.

Тынычбек Анарбаев жаңы талап боюнча мигранттар курулуш жүрүп жаткан жердеги вагондо жашаса, ошол вагонго каттоого турууга милдеттендирилгенин айтты:

- Орус бийлиги мигранттар кайда жашап, кайда турганын так билгиси келип жатат. Мурда ишке катталып коюп, башка жакта жашай берчүбүз. Мисалы, азыр мигранттар курулушта иштеп, чатырда жашап жатса, ошол жерге каттоого турууга уруксат берип коюшту. Ал жайдын дареги, имараттын номуру жок болушу мүмкүн, ичинде канализация жана башка жашоого ылайыктуу шарттар түзүлгөн эмес. Эми бул мыйзам кантип иштери белгисиз.

Москвадагы «Паритет» кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Нургүл Каимова мыйзамды өзгөртүүнүн таасири мигранттарга азыртадан эле сезиле баштаганын баяндайт.

- Жаңы талап кыргызстандыктар үчүн бир топ тоскоолдуктарды жаратат. Биз иштеген Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында батир ээлери чет өлкөлүктөрдү өз менчигине убактылуу каттоого тургузууга дегеле жоопкерчилик албайт. Албетте, батирдин акысы кымбат, бир үй-бүлө жашай турган жана буга окшош шарттарда тил табышып, макулдук алып беребиз. Бирок бул он окуянын бирөөсүндө гана мүмкүн. Азыртадан жаңы мыйзамды уккан кыргызстандыктар бизге байланышып, батирлерди миграциялык каттоосу менен сурай баштады. Биз болсо батир ээлерине байланышканыбызда «жок, алсаңар алгыла, албасаңар жок, миграциялык каттоого тургузбайбыз» деген эле жооп алып жатабыз.

Укук коргоочу Валентина Чупик жаңы мыйзам аркылуу орус бийлиги орусиялык жумуш берүүчүлөрдөн жоопкерчиликти толук алып, мигранттарды оор акыбалга такап койду деп эсептейт:

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

- Эгерде жумуш берүүчү ишкана жатакана менен камсыз кылбаса, мигранттар ал жумуш берүүчүнүн юридикалык дарегине каттала албайт. Орусияда жумуш берүүчү компаниялардын турак жай фонду жок. Административдик кодексте "имаратты туура эмес максатта пайдалануу" деген жаза бар. Эгерде жумуш берүүчү мигранттарды кандайдыр катталбаган имаратта же убактылуу курулушта жашаткысы келген болсо, анда ал жер турак жай жашоого ылайыктуу шарттар менен камсыздалышы керек, талаптагыдай эрежелерге жооп бериши зарыл. Андай болбосо, ал үчүн да жоопкерчилик каралган. Жаңы мыйзам менен орус өкмөтү жумуш берүүчүлөрдөн жоопкерчиликти алып салды. Ошону менен бирге мигранттардын мыйзамдашуусуна өздөрү тоскоолдук жаратышты. Мисалы, кыргызстандыктарга эле оор болду. Кыргызстандыктар жумушка кирип, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүп, анын негизинде жумуш берүүчүнүн юридикалык дарегине каттоого туруп жатышкан. Эми буга уруксат жок. Жумуш берүүчү да эми мигрант менен эмгек келишимин түзүп, аны миграциялык каттоого коюп, ИИМге маалымдама жөнөтүүгө жоопкерчиликтүү эмес, кызыкчылыгы да жок. Орус мыйзамдары адамдар үчүн эмес, паракорлор үчүн жазылат.

Валентина Чупик бул маалда Мамдумада чет өлкөлүктөрдү өзүнүн кыймылсыз мүлкүндө миграциялык каттоого тургузган батир ээлерине каалаган убагында бир тараптуу түрдө чет өлкөлүктү эскертпестен, каттоодон өз алдынча чыгарып салууга укук берчү мыйзам долбоору иштелип жатканын кошумчалады.

Муну менен жаңы миграциялык талап жумуш берүүчүлөрдөн жоопкерчиликти алып салса, Мамдумада экинчи окуудан өткөн соңку долбоор Орусияда чет өлкөлүк мигранттардын мыйзамдашуусуна чекит коймокчу.

Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуу үчүн административдик чарадан баштап өлкөдөн чыгарууга чейин жаза каралган. Азыркы убакта Орусияда 650 миңдей кыргызстандык иштейт, 70 миңдей жаранга өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салынган.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Жаркынай Галиева учурда жаңы кабыл алынган мыйзамга расмий түшүндүрмө алыш үчүн Орусиянын тийиштүү мекемелерине кат жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондон кийин Орусиядагы кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштери башталамакчы.

Жаркынай Галиева.
Жаркынай Галиева.

- Орусияда кабыл алынган мыйзам жети күндө күчүнө кирет. Миграциялык каттоого туруунун жаңы талаптары боюнча бир катар суроолор болгондуктан, биз ИИМдин Москва шаары боюнча башкармалыгына расмий кат жөнөттүк. Алар өздөрүнүн мыйзамдарына толук түшүндүрмө жөнөтсө, анан биз жарандарга маалымдай баштайбыз.

Ал арада Евразия Экономикалык Комиссиясында евразиялык мигранттарга эмгек келишиминин негизинде алар иштеген өлкөдө туруктуу жашоого укук берүү долбоору каралууда. Муну менен биримдиктеги өлкөлөрдүн мигранттарына миграциялык каттоого туруу жеңилдетилмекчи. Ошондой эле Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында мигранттарды алар иштеген өлкөнүн пенсиясы менен камсыз кылуучу долбоор иштелип жатканы маалымдалган. Бирок бул долбоор эки жылдан бери талкууга алынып, дагы эле кабыл алына элек.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине 12-августта 2015-жылы кошулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG