Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

"Мой Город" мигранттарга маяна төлөп бүтө элек


Орусияда иштеген мигранттар.
Орусияда иштеген мигранттар.

Москвада эки жүздөй мигрант март-апрелдеги маянасын эки айдан бери ала албай келишет.

Май айында Москвада жүздөгөн кыргызстандык мигранттар ортомчу агенттик эмгек акыларын төлөбөй жатканына нааразылык билдирип чыгышкан. Анда агенттик Фрунзенская метросундагы кеңсесин күтүүсүздөн жаап койгондуктан, жумушчулар март-апрель айлары үчүн маяналарын ала албай калышкан.

Жалпысынан "Мой Город" агенттиги аркылуу өкмөттүк "Мосгортранс" мекеменин Москва шаары менен облусундагы автопарктарын миңден ашуун адам жууп-тазалачу. Алардын дээрлик 90 пайызы кыргызстандыктар.

Мигранттарды сыздаткан "Мой Город"

Мигранттарды сыздаткан "Мой Город"

Москвада азыркы убакта жүздөгөн кыргызстандыктар эмгек акысын ала албай келатышат.

Мигранттар "Мой Городго" карата Тергөө комитетине, ИИМ бөлүмдөрүнө арызданып, Москвадагы кыргыз элчилиги менен миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө кайрылышкан. Анда агенттиктин жетекчилиги бир айдын ичинде жумушчуларга эмгек акысын толук төлөп берүүнү убада кылган болчу.

Учурда эки жүздөй мигрант дагыле эмгек акысын ала албай жатканына нааразы. Агенттик "Мосгортранста" он чакты бөлүмдө топ-топ болуп иштеген мигранттарга эмгек акыны жарым-жартылай төлөгөн.

Кыргызстандык Талантбек Чолоев - эки ай иштеген айлыгын үч ай күтүп жүрүп алган мигранттардын бири. Ал бир айлык маянасын алганын, ал да кыскартылып берилгенин айтты:

- Строгино метросундагы трамвай депосунда иштегенбиз. Азыр тизмеде 28 адам бар. Март айынын акысын жарымын эле алдык. Бизге 30 миң рублдан сүйлөшүп, 15 миңден гана төлөп берип койду. Апрелдин акчасын ала элекпиз. Карызга баттык, ар кайсы жакта жүрөбүз. Батир төлөш керек, жол кире керек.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

"Мосгортранстын" түштүгүндөгү жана түштүк-батышындагы автопарктарында иштеген Зайырбек Юлдашев жумушчулардын жарымы дагы эле айлыкка жетпей жүргөнүн белгилейт.

- Менде 275 киши иштеген, 140 адам айлык ала албады. Алардын токсону кыргызстандык болчу. 15-20 адам айлыкты күтпөй, ишеним кат жазып Кыргызстанга кетип калышты. Башында айлык 30-35 миңден макулдашылган, эми фиктивдүү эмгек келишимдерине 20 миңден жазып, кошумча салыктарды толук кармап калышты. Үч ай бою айлык күткөн балдар 33 миңден алып кетишти.

Ал эми Темир Жумаев 500 кыргызстандыктын жарымынан көбү эмгек акысын алып калганына шүгүрчүлүк кылат:

- Жок дегенде 200-300 адам тынч алышсын дегенбиз. Салыктардын баарын кармап, айлыктарды эки эсе кыскартып беришти. "30-35 миңден алмакпыз" деп сотко барсак деле ал жагы кандай чечилип калаары белгисиз. Азыр ала албай калган топтор дагы эле күтүп жатышат.

Мамлекеттик миграция кызматынын адиси Доорбек Абдразаков Москвадагы өкүлчүлүктүн жардамы менен июндун башында 4,5 миллион рубль айлык өндүрүлүп берилгенин билдирди.

- Бизге 204 адамдын атынан үч арыз түшкөн. Алардын 4 миллион 408 миң рубль айлыгын алып бердик. Дагы 48 адамдын арызын Тергөө комитетине жөнөттүк. Биздин эсеп боюнча "Мой Город" биздин жарандарга дагы 2 миллион 993 миң рубль төлөп бериши керек.

Маянасын күткөн мигранттар.
Маянасын күткөн мигранттар.

Мурунтан өкмөттүк "Мосгортранс" мекемесин айыптап келген "Мой Городдун" юристи Александр Бобров эми компаниянын банктагы эсеби камакка алынгандыктан мигранттарга акы төлөнбөй жатканын айтты:

- Биз 520 адамга айлыгын бердик. Дагы 124 адамдыкы калды. Он күндүн ичинде башкаларга да беребиз. Мартта Федералдык миграция кызматы менен ФСБ текшерүү жүргүзүп, сегиз мигрантты депортациялап, бизге айыппул салган. Азыр 3 миллион 2 миң рубль айып төлөсөк банктагы эсепти беш күндө ачышат, анан биз айлыктарды беребиз.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү жалпысынан быйыл төрт айда миңден ашуун адам 48 миллион рублдай эмгек акысын албай кайрылганын маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG