Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Таластын Киров суу сактагычында суу аз


Таластагы Киров суу сактагычы.
Таластагы Киров суу сактагычы.

Таластагы Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан эки эсе аз. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустагы суу чарба башкармалыгы билдирди. Андан алынган маалыматка ылайык, 2017-жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 369 млн. куб метр суу бар болсо, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 174 млн. куб метрди түзүп жатат.

Жергиликтүү бийлик бул көрүнүш сугат иштерине кедергисин тийгизбегенин айтууда. Бирок буга чейин райондогу айрым дыйкандар суу тартыш болуп жатканы тууралуу даттанышкан.

Былтыр октябрь айында Таластын Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө үчүн суу кое берилген.

Бул Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси начарлаган учурга туш келгендиктен, аны ошол жагдай менен байланыштыргандар да чыккан.

Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат. Калган бөлүгүн келишимдин негизинде Казакстан колдонот. (AlS)

XS
SM
MD
LG