Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:09

Украинанын экс-министри Беларустан баш калка алды

Михаил Ежел (солдо). 18-апрель, 2011-жыл.
Михаил Ежел (солдо). 18-апрель, 2011-жыл.

Украинада "мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланган" деген кине менен издөө жарыяланган мурдагы коргоо министри Михаил Ежел Беларустан саясий баш калка алды.

Киевдин Соломянка райондук соту Ежелди сыртынан соттой баштаган. Экс-министр үй-бүлөсү менен Минскте саясий качкын макамында жашайт.

Ал 2010-жылдын мартынан 2012-жылдын февралына чейин коргоо министри, 2013-жылдын майында Беларуска элчи болуп дайындалган.

2014-жылы орусиячыл президент Виктор Янукович элдик толкундоонун аркасында бийликтен кеткен. Ыңкылаптан кийинки украин бийлиги Ежелге мамлекеттик казынадан 43 миллион гривни (1.6 млн. доллар) "жеп алган" деген айып койгон.

2015-жылы президент Петр Порошенко Ежелди элчилик кызматтан алган, бирок мурдагы министр мекенине кайтып барган эмес.

XS
SM
MD
LG