Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Ага 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жарандык коом өкүлдөрү менен мамлекет башчынын диалогунун алкагында мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Жолугушууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышпайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG