Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Баткенде ата-энеси мигрант болуп кеткен балдар 60 миңге чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда ата-энесиз тууган-туушкандардын колунда калган эмгек мигранттарынын балдарынын саны 54-58 миңге жетет. Бул тууралуу "Инсан Лейлек" өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Гүлнара Дербишева билдирди. Анын айтымында, Баткен облусунун 38 пайыз калкы учурда эмгек мигрантына айланып, чет өлкөлөрдө жүрөт.

"Инсан Лейлек" уюму ушул жылдын башынан июль айына чейин миграция боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда мигранттар балдарын алып кете албагандыктан туугандарына калтырууга туура келери, ал эми туугандары кыздарды эрте эле турмушка берип, мойнундагы жүктөн батыраак кутулууга аракет кылары белгиленген.

Кыргызстанда 259 миңдей баланын ата-энеси иш издеп Орусия, Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө кеткенин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Люсио Валерио Сарандреа “Азаттык” менен болгон маегинде билдирген.

Көпчүлүк балдардын атасы да, энеси да миграцияга кетип, балдар жалгыз калууда. Кыргызстандан сыртка чыккандардын 60 пайызы эркектер, 40 пайызы аялдар. (КЕ/KR)

XS
SM
MD
LG