Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушун каалайт.
Бул тууралуу ал ушу тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында айтты.
Жыйынга 40ка жакын саясатчы, жарандык коом өкүлү чакырылган.
Президент бул күрөш көп өнөктүктүн бири болбосун, токтобостон аягына чыгарыларын, системалык негизде жүргүзүлөрүн белгиледи. (RK)