Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

ТИМ Европадан жумуш издегендерди тооруган коркунуч тууралуу эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Интернеттеги жарыялар аркылуу Европага иштегени кетип жаткан жарандарды жеке маалыматын башка бирөөлөргө берүүдө этият болууга чакырды.

Министрлик Европа мамлекеттеринде жүргөндө жумуш берүүчүлөргө жеке маалыматтарды берүүдө сак болуу керек экенин, себеби мыйзамсыз киреше схемаларына аралаштыруу максатын көздөгөндөрдүн торуна түшүп калуу коркунучу бар экенин билдирди.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери мындай кылмыштардын 35и катталды жана алардын арасында Кыргызстандын да жарандары бар. Маселен, Австрияда ушундай окуяга кабылган кыргызстандык келинди элчиликтин консулдук-укуктук жардамы менен гана куткарып калышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG