Орусиянын кеминде дагы алты мекеме-ишканасын санкциялык тизмеге кошуу жөнүндө Брюсселдеги жыйында Евробиримдиктин элчилери чечим кабыл алган.
Анткени, Евробиримдиктин пикиринде, Москва мыйзамсыз аннексиялап алган Крым жарым аралын Орусиянын калган аймагы менен кургактан байланыштырган көпүрөнүн курулушу Украинанын аймактык бүтүндүгүнө сокку урду.
Евробиримдиктеги кызмат адамдарынын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, санкциялык тизмени кеңейтүү боюнча чечим алдыдагы күндөрү жарыяланат.
Учурда Евробиримдиктин санкциялык тизмесинде Орусия менен Украинадан 155 адам, 38 мекеме-ишкана бар. Санкциянын шарттары боюнча тизмедеги мекеме-ишканалар менен жеке адамдардын Евробиримдик аймагындагы активдери тоңдурулат, аларга виза берилбейт.
Керч кысыгында Крым жарым аралы менен Орусияны кургактан байланыштырган көпүрө быйыл майда ишке берилген.
Узундугу 19 чакырым болгон, наркы 3,7 миллиард долларга бааланган көпүрөнүн курулушу 2016-жылы башталган. Орусия Крымды 2014-жылы март айында аннексиялаган. (UE)