Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

УКМК: Албек Ибраимов кармалды


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тараткан кабарда ал тергөөгө бир нече жолу чакырылганы, бирок эгер кармала турган болсо куралчан каршылык көрсөтөрүн билдирип коркутканы, тиешеси бардыгы тастыкталган бир нече кылмыш иши тергелип жатканы айтылат.

Тагыраак айтканда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.

Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

"Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган. (RK)

XS
SM
MD
LG