Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Ак үй Путиндин сунушун караштырууда


Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, алар орус президенти Владимир Путин президент Дональд Трамп менен Хелсинкиде, 16-июлда жолукканда киргизген сунушту караштырууда.

Бирок ошол эле учурда Мамлекеттик департамент Орусиянын сунушун “толугу менен абсурд” деп атаса, аны АКШнын Федералдык тергөө бюросу - ФБР да четке какты.

Трамп менен Хелсинкиде жолуккандан кийинки басма сөз жыйынында Путин "АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна кийлигишти" деп Вашингтон айыптаган орусиялыктарды АКШ тараптын өтүнүчү менен орус тарап өзү суракка алышы мүмкүн экенин айткан. Путин ал суракка америкалык тарапты катыштыра аларын да билдирген.

Бирок, ошол эле учурда Путин анда АКШ "Орусиянын аймагында мыйзам бузду" деп Орусия эсептеген америкалыктарды суракка алып, ага орус тараптын катышуусуна мүмкүндүк бериши керек экенин кошумчалаган.

"Орусия кылмышка байланыштуу шек санаган америкалыктар суракка алынышы керек" делген учурлардын бири катары Путин британиялык инвестор жана укук коргоочу, Кремлди сындап жүргөн Уильям Браудердин ишин кеп кылган.

Москва аны Орусиядан тапкан кирешесинен салык жашырган деп айыптаган.

Орусиянын прокуратура органдарынын маалыматына ылайык, Браудердин иши боюнча алар суракка алгысы келген бир нече америкалыктын бири - мурдагы элчи Майкл Макфол.

Москвада мурдагы президент Барак Обаманын учурунда элчи болгон Макфол Орусиянын сунушун “Путиндин күлкүлүү өтүнүчү” деп атап, Ак үйдү аны кескин түрдө четке кагууга чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG