Чүйдө жолдо бараткан жеринен жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” угармандары кабарлап, окуя болгон жерден тартылган видеону жөнөтүштү.
Алардын айтымында, бетон ташыган унаа 18-июлда Чүйдүн Беловодское айылынын тушунан өрттөнгөн.
Айдоочу жабыркаган жок, болгону машиненин ичинде документтери жана чөнтөк телефону калып кеткенин айтты.