Бишкек шаардык кеңешинин ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине байланыштуу Албек Ибраимов мэрлик кызматтан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгына жеткирилгенин 19-июлда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.
Шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.
Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.
Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп 2016-жылдын февраль айында дайындалган(RK)