Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Армения: Еревандын экс-мэри суракка чакырылып, мүлкү иликтенет


Тарон Маркарян мэрлик кызматтан кеткенин жарыялоодо. 9-июль, 2018-жыл.
Тарон Маркарян мэрлик кызматтан кеткенин жарыялоодо. 9-июль, 2018-жыл.

Еревандын мурдагы мэри Тарон Маркарян Армениянын Улуттук коопсуздук боюнча кызматына “Ереван” корундагы мыйзам бузуулар боюнча суракка чакыртылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлагандай, бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү жыйыны алдында өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Артур Ванецян билдирди.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы буга чейин “Ереван” деген кордун кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.

Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Ванецян алар мурдагы мэрдин мүлкүнө байланыштуу медиадагы материалдарды иликтеп жатышканын да маалымдады.

“Биз Тарон Маркаряндын атына катталган ишканаларды таппадык. Ал эми мүлкү боюнча материалдар бизге берилди. Алар боюнча иликтөө жана конкреттүү иш-чаралар жүргүзүлөт”,-деди Ванецян.

Арменияда өткөн айдын соңунда Еревандын мурдагы мэринин мүлкү тууралуу видео тараган.

Анда 40 жаштагы Тарон Маркарян өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегенине карабай, кыйла байлык топтогону айтылган.

Мэрликке 2011-жылдын ноябрь айында келген, мурдагы президент Серж Саргсяндын саясий командасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири деп саналган Тарон Маркарян кызматтан 9-июлда кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG