Экономика министрлиги өкмөт бекиткен инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүп жатат. Бул реестрге кирген долбоорду ишке ашырыш үчүн сырттан ташылып келген жабдуу, ага керектелүүчү материалдар бажы төлөмдөрүнөн бошотулуп же айрым жеңилдиктерди ала алат. Бул тууралуу министр Олег Панкратов "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды. Ошондой эле ал ишкерлерди өз долбоорлору туурасында маалымат берүүгө чакырды.
Буга чейин өкмөт кийинки беш жылда инвестиция тартууну кескин күчөтөөрүн жарыялаган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "ар бир облуска жыл сайын кеминде 20 млрд. сомдук чет элдик салым киргизилет" деп убада берген. Ошол эле кезде адистер бюрократия менен коррупция жоюлмайынча мындай дымактуу план турмушка ашаарынан шек санашат. (КЕ)