"Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын туугандары учактагы жүргүнчүлөрдүн баарын түшүрүп, ага өзүлөрү отуруп учуп кетишкен" деп «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиришти.
Алардын айтымында, окуя бир ай мурда Түркмөнабад-Ашхабад каттамында болгон.
Маалыматка караганда, президенттин Койтендаг эс алуу жайынан келаткан тууганы билети бар 160 жүргүнчүнү учактан түшүрүп, үй-бүлөсү менен учуп кеткен.
Жергиликтүү аэропорттун өкүлүнүн айтымында, алар үчүн чакырылган атайын учак өз учурунда келбей калган. Бирок ал жүргүнчүлөрдү түшүрбөгөндө да каттамдагы учакта президенттин туугандары үчүн орун болгонун белгиледи.
Жыйынтыгында жүргүнчүлөрдүн көбү Ашхабадга эртеси учса, шашып жаткандары такси менен кетүүгө аргасыз болушкан.
Расмий Ашхабад азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.