Бишкекте кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими элечекти даңазалаган иш-чара өткөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын уюштуруучусу, “Кийиз дүйнө - элечек” долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.
Асангулованын айтымында, акция “Оймо-2018” фестивалынын алкагында, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып өткөрүлөт.
- Элечек - кыргыз көчмөн маданиятынын ажырагыс элементи. Элечек ороо 2013-жылдан тартып кайрадан жанданып, көп аялзаты кийе баштады. Анын көптөгөн түрлөрү энелердин жардамы менен оролуп, жалпы эл элечек тууралуу көп маалымат ала баштады. Элечек орогон кыз-келиндер да көбөйүүдө, - деди ал.
Бир сааттын ичинде 100 элечек ороо иш-чарасы 26-июлда Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат. (KE)