Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Мамкаттоо: Орусиялык кримтөбөл кыргыз паспортун ИИМден алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл кыргыз паспортун Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен алган. Бул тууралуу 20-июлда “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын жараны Борис Матузный Назаров Руслан Рашидович деген ат менен жазылган кыргыз паспортун 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорттун негизинде 2003-жылдын 15-ноябрында алган.

- Мурда паспортту ИИМ берчү да. Ал 2003-жылы ИИМ аркылуу алган. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматына паспорт жасоо 2012-жылы гана өткөрүлүп берилген.

Быйыл январда издөөдө жүргөн Матузный Испанияда кармалган. Анын жанынан Кыргызстандын эки паспорту табылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ал паспортторду мыйзамсыз түрдө 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмү бергени аныкталганын айтып чыккан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Мөөр, штамп жана башка документтерди жасалмоо” беренелери менен иш козголгон. Сузак райондук Калкты каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси жана дагы бир кызматкери камакка алынганы кабарланган. (KE)

XS
SM
MD
LG