Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

УКМК: Албек Ибраимовду кармоо учурунда эч ким жабыркаган эмес


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду кармоо учурунда анын сакчылары сабалды" деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

“Ибраимовду кармоо учурунда ок атуучу курал же атайын каражаттар колдонулган жок. Ал жердегилердин бири да УКМКнын кызматкерлерине кандайдыр каршылык көрсөтүүгө үлгүргөн эмес. Сакчылардан алынган курал кайра өздөрүнө кайтарылып берилген” деп билдирди атайын кызматтын басма сөз бөлүмү.

УКМКнын маалыматына караганда, сакчылардын бирине да кол тийген эмес жана бул тууралуу алардын өздөрү жазган көрсөтмөлөрү бар.

“Ибраимов "курал колдоном" деп айтканы, жакынкы айылдардын элинин артына жашынууга аракет кылганы анык” деп кошумчалады УКМКнын өкүлү.

20-июлда эртең менен Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын куруп, жалпысынан 50 чакты адам чогулду.

Алар Ибраимов негизсиз камалганын айтышты. Ошону менен катар УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кеткенин белгилешти.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен бошотулган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG