Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Ооганстан: аба чабуулдарынан 14 жай тургун курман болду


Кундуздагы диний мектепке абадан урулган соккудан жабыркаган бала ооруканага жеткирилип баратат. 3-апрель, 2018-жыл.
Кундуздагы диний мектепке абадан урулган соккудан жабыркаган бала ооруканага жеткирилип баратат. 3-апрель, 2018-жыл.

Кундуз шаарына жакын жерде Ооганстан менен АКШнын күчтөрүнүн аба чабуулдарынан кеминде 14 киши курман болду. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар экенин жергиликтүү бийлик кабарлады. Кундуз провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Нематулла Темори соккулар Чардара районуна урулганын кошумчалады.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммед Радманиш маалыматты ырастап, эки киши оор абалда экенин айтты. Апрелде ооган күчтөрүнүн аба соккулары Кундуздагы диний мектепке тийип, кеминде 50 киши набыт болгон. Арасында жай тургундар да бар эле.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы айдын башында жарыялаган жаңы баяндамасына ылайык, быйыл жарым жыл ичинде курман болгон жай тургундардын саны 1700гө чамалаган.

XS
SM
MD
LG