Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Босния-Герцоговинада 60 мусулман түгөй бир күндө үйлөнүштү


Сараево шаарында мусулман динин туткан 60 түгөйдүн үйлөнүү тою бир күндө өттү. 19-июль, 2018-жыл. (Cүрөт видеодон алынды).
Сараево шаарында мусулман динин туткан 60 түгөйдүн үйлөнүү тою бир күндө өттү. 19-июль, 2018-жыл. (Cүрөт видеодон алынды).

Босния жана Герцоговинанын баш калаасы Сараеводо мусулман динин туткан 60 түгөйдүн үйлөнүү тою бир күндө өттү. Түгөйлөрдүн никеси "Истиклал" мечитинде бейшемби күнү кыйылды. Уюштуруучулар муну "шарияттын шарттары менен өткөн Европадагы эң чоң үйлөнүү үлпөтү" деп аташты. Имамдар бул жол менен үй-бүлөлүк турмушка жаңы аттанган жубайларга жардам берүүнү көздөгөнүн айтышты.

Демилге "Босния-Герцеговинанын ислам коомчулугу" уюмуна таандык. Үлпөттү уюштурууга өкмөттүк эмес уюмдар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы демөөрчүлөр кол кабыш кылышкан. Баш кошкон түгөйлөрдүн ар бирине 300 доллардай каражат белек катары берилди. Босния мыйзамдары талап кылгандай, түгөйлөр ислам жөрөлгөлөрүн кылаардан мурда расмий түрдө никеге турушкан.

XS
SM
MD
LG