Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Жыйырма түгөй – бир үлпөт


Эл аралык уюмдардын демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 7-майда 20 түгөйдүн тою “Дасмия” ресторанында өттү.

Күйөө жигиттер калпак жана кыргыз оюусу бастырылган кийим кийсе, келинчектер кыргыздын улуттук кийими болгон ак шөкүлө, көйнөк менен жасанышкан.

Үй-бүлө курууга кадам таштаган түгөйлөрдүн бири - Ноорузбек менен Гүлкайыр Бишкек шаарына окуу үчүн келишкен экен:

“Азаттык”: Кантип табышып калдыңар эле?

Ноорузбек: Биз экөөбүз бир группада окуйбуз. Эки жыл сүйлөшүп жүрдүк.

“Азаттык”: Бул тандоодо кандай талаптар коюлду?

Гүлкайыр:
Бизге агайлар сунуш кылышты. Андан кийин биз ата-энелерибизден уруксат алдык. Андан соң атайын анкета толтуруп, сынакка катышып, өтүп кеттик.

“Азаттык”: Ушундай той өткөргөнгө мүмкүнчүлүгүңөр болот беле?

Ноорузбек:
Жок, мындай ресторанда той өткөрө албайт элек. Бүгүн аябай сүйүнүп турабыз. Мен 21 жаштамын, бирок турмуштун кыйынчылыктарына даярмын деп ойлойм. Келечекте жубайыңды сыйлап, аны капа кылбай, кыйналтпай багуу туурасындагы кеп-кеңештерди улуулардан үйрөндүм. Эң башкысы сүйгөнүмө жеттим.

Жыйырма түгөйдүн бир күндө баш кошкону Кыргызстан үчүн жаңылык болгону менен Түркия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү башка отуз алты өлкөдө бул мамлекет тарабынан атайын колдоого алынган салттуу жөрөлгө. Башка мамлекеттерде бир күндө ондоп, жүздөп, кээде миңге жакын түгөйлөр үйлөнүшөт экен.

Үйлөнүү үлпөтүнүн толук чыгымы 1 миллион сомдон ашты. Түгөйлөрдүн кийиминен баштап тойканага, ар кандай салт, жөрөлгөлөр, белек-бечкек жана тойдо тартылган тасмага кеткен чыгымдарды жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар көтөрүшкөн. Уюштуруу ишин Жаштар министрлиги өз мойнуна алган.

“Үй-бүлө – коомдун өзөгү” деп аталган долбоордун алкагында 20 түгөйдүн бир күндө, бир жерде үйлөнүү той өткөрүү демилгесин “Орто Азия” жаштар фонду көтөргөн. Бул тууралуу аталган фонддун мүдүрү Илхам Демиржи “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен тарыхчымын. Кыргыздардын каада-салт, үрп-адаттарын көп изилдедим. Менде кыргыз салтына ылайык той өткөрүү боюнча идея жаралды. Демөөрчүлөр табылгандан кийин бул сунушту Жаштар министрлигине жолдогон элек. Биздин негизги максат - өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө өскөн балдарга колдоо көрсөтүү.

Алдын ала маалыматта белгиленгенге караганда, бул тойго өлкө башчысы баштаган кыргыз аткаминерлери катышмак. Уюштуруучулардын тилеги боюнча бул иш-чара алгачкы жолу уюштурулуп, бирок мамлекет мындан ары колдоону өз мойнуна алса деген чакырык болчу. Бирок бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жаңы баш кошкондорду куттуктаган жок.

Жаштар министри Алиясбек Алымкулов мындай иш-чара улантыларын жана үйлөнгөндөргө ар тараптан колдоо болуп, иш менен камсыз кылуу маселеси каралып жатканын белгиледи.

20 түгөй бир күндө баш кошту
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

XS
SM
MD
LG