Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

"Ала-Тоодой эт кылып, Ысык-Көлдөй чык кылып"


Кыргызстандыктар той-аштарды өткөрүүгө былтыр 40 млрд. сомдон ашык каражат жумшаганын Бишкек экономикалык институту аныктаган. Бул сумма - ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Күз жаңы башталып, аш- тойдун мезгили келди. Бишкек тургуну Айнура айым ушул күздө уулун үйлөп той берүүгө камданууда. Учурдагы материалдык абалы өтө деле чамынып той бергенге жетпесе да Айнуранын эл катарынан калгысы келбей турат. Ал карызга батып болсо да той бергенге даяр:

- Биз да элден калбаганга аракет кылабыз. Мына жакында эле досумдун иниси үйлөндү. Кафе, ЗАГС, ойноп-күлгөнүнө 130 миң сомдой кетти. Каада-салт, ата-бабабыздан бери калган нерсе да. Канча кетсе да кийин эсте калат.

Кыргызстанда той-ашты каадасы менен дүңгүрөтө өткөрүүнү салтка айлантып алышкан. Талдоочулардын эсептөөсүндө бүгүнкү күнү үйлөнүү үлпөт болобу же көзү өткөн адамды акыркы сапарга узатуубу жок дегенде 150 миң сомду талап кылат. Ал эми байлар бул үчүн керек болсо 2,5 млн сомго чейин акча сарптап коюша алат.

Өлкөдө ысырапкорчулукту чектеп, сарамжалдуу болууга үндөгөн өкмөт деңгээлиндеги жыйын да уюштурулган.

Жыйын ушул жылдын март айында Мамкатчы Досбол Нур уулунун төрагалыгында жана өлкөнүн вице-премьер-министри Өктамхан Абдуллаеванын катышуусунда өкмөт үйүндө өткөн.

Мааракелердеги ашыкча ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө айрым депутаттардын, коомчулуктун кеңири катмардагы өкүлдөрүнүн катышуусундагы Кереге кеңеште ыңкылапка чейин кыргыздар той-топур берүүдө бир аз тыйылып калганы менен соңку кезде кайрадан “мурункусун карматып” жатканы айтылган.

Кеңеште куру намыс, атаандашуудан арылуунун механизми иштелип чыкса деген демилге көтөрүлүп, эң жакшысы өкмөт атайын нормативдик документ кабыл алса абал жөндөлөт деген тыянак чыгарылган.

Бул үчүн депутат Аскар Салымбеков башында туруп атайы топ мыйзам долбоору иштеп чыгуу милдетин алышкан.

Бирок бүгүнкү күнгө ал мыйзам долбоорунун тагдыры бүдөмүк.

Кереге кеңеш ушул бир жолку жыйыны менен гана чектелип, кийин кеңеш катышуучулары чогула алган эмес.

Кереге кеңешке катышкан Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийинин орун басары Мамбетасан Ибраев 2007-жылы муфтий Муратаалы ажы Жуманов элге кайрылуу жасап, бул маселе боюнча обулустук казыяттар, райондук имамдар менен иштешкенин айтат.

Ибраевдин айтымында бул кайрылуу өз жыйынтыгын берип бир аз да болсо ысырапкорчулук аймактарда жоюлуп барат:

- Кайрылуудан жыйынтык чыккан көрүп атабыз. Биз кээ бир жерлерде үч жылкыдан эмес бирден эле союп калганына күбө болуп атабыз.

Анткен менен акыркы жылдары тамадалык кесипти аркалап келген Бакай Шүкүров кыргыздар той-топур өткөрүүдө чектелип калды дегенге кошулбайт. Тамада каржы катчылыгы маалында да тескерисинче, "Ала-Тоодой эт кылып, Ысык-Көлдөй чык кылып" той өткөрүп жатышты дейт:

- Тенденция кандай? Эми кыргыздар кризис деген сайын жакшы той берип атат. Той болуп эле биз тамадалар ошого кубанып коюп эле жүрөбүз.

Барган сайын Кыргызстанда да Тажикистандагыдай мааракелерди өткөрүүгө кеткен чыгымды теске салуучу мыйзамды ишке киргизүү зарылдыгы тууралуу сунуштар көбөйүүдө.

Бул үчүн эл өзү деле даяр болуп калгандай.

“Кыргыз туусу” басылмасынын маалыматына ылайык, Сузак районун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө ысырапкорчулукка жол бергендерди 100 миң сом айып менен жазалоо маселеси көтөрүлүп жатыптыр.

Ал эми Ысык-Көл юстиция башкармалыгы тарабынан “Айыл мыйзамы” деген документ кабыл алынып, ысырапкорчулукка кантип бөгөт коюш керек деген маселе менен обулус губернатору ушул жылы өзү кайрылуу кылды.

XS
SM
MD
LG