Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

Тажикстанда президенттин куда баласына кылмыш иши козголду


Тажикстандын энергетика министринин уулу Диловар Гулов.
Тажикстандын энергетика министринин уулу Диловар Гулов.

Тажикстандын тергөө кызматтары мурдагы энергетика министринин уулу Диловар Гуловго кылмыш ишин козгошту. Ал "Ички иштер министрлигинин өкүлүн сабаган, курал колдонуу менен ээнбаштык кылган" деп айыпталууда. Гулов кармалып, иш боюнча тергөөнү Дүйшөмбү шаарына караштуу Исмоили Сомони райондук прокуратурасы жүргүзүп жатат. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Министрликтин өкүлү, 33 жаштагы Дилшод Нарзуллозода 8-июлда Дүйшөмбүдө сабалган. Маалым болгондой, ал катуу буюм менен башка сокку жеген. Автоунаадан улам чыккан чырга Гуловдун достору да аралашкан. Аларга айып коюлган-коюлбаганы белгисиз.

Ушул жылдын март айында Диловар Гулов майда ээнбаштык кылганы үчүн күнөөлөнүп, беш сутка камалып чыккан. Анын атасы Гул Шерали 2006-2013-жылдары Энергетика жана өнөр жай министрлигин жетектеп турган. Андан мурда да бир катар жогорку кызматтарды аркалап келген. Экс-министрдин уулдарынын бири Ашрав Гулов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызы Парвина Рахмонго үйлөнгөн.

XS
SM
MD
LG