Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Түштүк Иранда жер титирөө болду

Түштүк Ирандагы Хормозган провинциясында 5,7 баллдык жер титирөө катталганын жергиликтүү медиа билдирди. Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.

Табият кырсыгы 22-июль күнү эртең менен Хормозгандын борбору Райдар шаарынан алыс эмес жерде болгон. Бул шаардын 10 миң тургуну бар. АКШнын геологиялык көзөмөл кызматы жер титирөөнүн кубатын 5,4 балл деп маалымдады.

2017-жылдын ноябрь айында Ирандын Батышындагы Керманшах провинциясында 7,3 балл жер титирөө болуп, 620 киши өлгөн жана миңдеген адам жабыр тарткан. (BCh).

XS
SM
MD
LG