Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

23-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


23-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 34...40,

Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35,

Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° болот.

XS
SM
MD
LG