Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Трамп ФБР жарыялаган документтерди сынга алды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын Юстиция министрлиги Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн негизинде президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабында кеңешчи болгон Картер Пейдж видеобайкоого алынган учурлар боюнча документтерди 21-июлда жарыялаган болчу.

Буга байланыштуу президент Дональд Трамп 22-июлда "Твиттердеги" баракчасы аркылуу реакция жасап, анын шайлоо штабына карата “мыйзамсыз тыңчылык жүргүзүлгөнүнүн далилдери көбөйүп жатканын” белгиледи.

“Адаттагыдай алар (документтер) күлкү келкидей кылып, абдан катуу редакциялашкан. Бирок бул көп деле шек жок, Юстиция министрлиги жана ФБР сотту алдаганын көргөзүп турат”,- деп жазды Трамп.

Абдан редакцияланып жарыяланган, 412 барактан турган документтерга караганда, ФБРдин ишениминде, Трамптын шайлоо штабында кеңешчи болгон Картер Пейдж “орус өкмөтү менен кызматташып, аны менен кутумга” барганын көргөзүүдө.

Документтерде белгиленгендей, ФБР ошондой эле “Пейдж орус өкмөтүнүн максаттуу азгырыгына кабылган”,- деген ишенимде да турууда.

Картер Пейдж өзү орус өкмөтүнүн агенти болгон деп айыптоолорду буга чейин четке каккан, ага кандайдыр бир расмий айып коюлган эмес.

Ал президент Дональд Трамптын шайлоо штабынан 2016-жылы, сентябрда анын орусиялыктар менен жолукканы тууралуу маалыматтар белгилүү болгондон кийин кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG