Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Уланбек, сен дайыма биздин жүрөгүбүздөсүң

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 28 гана жашта эле. Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу болчу. Ал Кыргызстандын демократиялуу жана сөз эркиндиги толук камсыз кылынган жаркын жана бакыбат келечекке карай адымдоосу үчүн жан дили менен күрөшкөн өз Ата Журтунун чыныгы атуулу катары эсте калды. Аны замандаштары, талантына таазим эткен күйөрмандары, коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар, Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү журтташтары, кесиптештери эскерүүдө. Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган. Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган. Маркумдун сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.

XS
SM
MD
LG