Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:45

Алайда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл көлмөсүнө чөгүп кеткен 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өспүрүмдүн чөгүп кеткени тууралуу маалымат "102" кызматына 22-июль күнү түшкөн. Издөө иштерине министрликтин №68 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Сөөк бүгүн табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкө боюнча 72 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын 46сы эркек, жетөө аял, 19у өспүрүмдөр болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG