АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Хелсинкидеги сүйлөшүүсүндө орус тарапка "эч нерсе берип койбогонун" "Твиттерге" жазып, Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына каршы келген эч кандай макулдашууга барбаганын ишара кылды
"Биз болгону эки өлкөгө пайда алып келе турган келечектеги маселелер жөнүндө сүйлөштүк. Биз тил табыштык, "коррупциялашкан медиадан" башкаларга бул жакшы нерсе",-деп жазды Трамп 23-июлда "Твиттердеги" баракчасына.
Путин жана башка орусиялык расмий өкүлдөр АКШ менен Орусия президенттеринин 16-июлдагы саммитинде бир нече макулдашуулар болгонун айтышкан.
АКШнын бийлик өкүлдөрү Хелсинкидеги сүйлөшүүлөрдүн деталдары тууралуу чектелүү маалымат беришип, эки тарап олуттуу макулдашууларга жетишкени жөнүндө сөз кылышкан эмес. Трамп өзү бул жолугушууда Түндүк Корея маселеси жана Жакын Чыгыштагы кырдаал сыяктуу көйгөйлөр талкууланганын айтып, ал маселелердин чоо-жайын толук айткан эмес.
Саммиттен кийинки басма сөз жыйынында Трамптын 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоодогу Орусиянын ыктымал ролу тууралуу айткан сөзү Американын өзүндө сынга кабылган эле.