Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

Трампка актанууга туура келди


Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинкиде орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйынында айткан сөзүн кайра артка алды. Ал анда Орусиянын 2016-жылкы америкалык президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын кызматтарынын буга чейинки бүтүмүн колдобогону үчүн мекенинде саясий чөйрөнүн эки тарабынан тең кескин сынга, айыптоого кабылган эле. Ак үй сыртына ага каршылар нааразылык акциясына да чогулган. Трамп менен Путиндин апта башындагы жолугушуусунун жуп алдында АКШда Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлган. Алар 2016-жылы шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашканы үчүн күнөөлөнгөн.

Президент Дональд Трамп 16-июлда Хелсинкиде орус президенти Владимир Путинге катарлаш туруп айткан сөздөрү үчүн сынга кабылды. Андай сын пикирлерди АКШда туш тараптан саясатчылар, медиа, чалгын мекемелеринин мурдагы жогорку даражалуу өкүлдөрү, карапайым тургундар да айтып киришти. Алардын Вашингтон үчүн эң талуусуна президент Трампка бир күндөн кийин түшүндүрмө берип, Ак үйдөн тактоо киргизүүгө туура келди.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- АКШнын улуу чалгын агенттиктерине толук ишенеримди жана аларды колдоорумду айтуудан баштагым келет. Орусиянын аракеттери шайлоонун жыйынтыгына эч таасир этпегени менен, толугу менен аныктык киргизип коёюун, мен муну көп жолу айткам. Мен биздин чалгын жамаатынын "Орусия 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкен" деген бүтүмүнө макулмун. Мен чындап эле Хелсинкиде берилген (суроого) жообумду дагы бир сыйра карап көрдүм, ага тактык киргизүү зарыл экенин түшүндүм. Ал жердеги чечүүчү сүйлөмдө “Бул эмне үчүн Орусия эмес экенинин эч себебин көрбөй турам”, - демекмин, анын орунда “Бул эмне үчүн Орусия экендигинин эч себебин көрбөй турам” деп айтылып кеткен, - деди Трамп 17-июлда. АКШ президенти анын 2016-жылдагы шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогону тууралуу мурдагы сөздөрүн кайра кайталады.

Ошондой эле ал Конгресске быйыл күздө болуучу өткөөл шайлоого кийлигишүү аракеттери жасалса, анын администрациясы агрессивдүү жооп кайтарарын кошумчалады. 18-июлда Трамп "Твиттердеги" баракчасы аркылуу анын Путин менен талаштуу жолугушуусу “ири жыйынтыктарды” алып келерине убада берди.

Хелсинкиде Трамп Путин менен кездешкенде Москванын шайлоого кийлигишүүсү боюнча маселе көтөргөндө Путин бул жолу аны “бекем жана ишенимдүү” четке какканын билдирген.

Ал эми биргелешкен басма сөз жыйынында Трамптын бул маселе боюнча АКШнын өзүндө жүрүп жаткан иликтөөлөрдөн күмөн санап, Путиндин сөзүнө ынангандай түр көргөзүшү өз мекенинде анын оппоненттери менен союздаштарынын, медианын кескин сынына, айыптоосуна кабылган эле.

Алсак, консервативдик маанайдагы "Wall Street Journal" басылмасы редакциялык макаласында Хелсинкидеги басма сөз жыйынын "жеке жана улуттук кемсинүү" деп баалады. Гезит "Дональд Трамп шайлоого кийлигишүүсү өз президенттигине бир топ зыян алып келген диктатор менен подиумда катарлаш туруп, орусиялык бийлик ээсине эмес, чалгын боюнча өз кеңешчилерине ишенерин айтууга жараган жок",- деп жазды.

Ал эми либералдык багыттагы "New York Times" "президент өзүнөн мурдагылардан: демократтардан да, республикачылардан да айырмаланып, Орусиянын арамзалыгынын бетин ачуудан баш тартканы табышмак бойдон калууда", - деп белгиледи.

Трамптын оппоненттери анын айткандарын АКШнын “ар-намысына” шек келтирүү катары баалашкан.

Конгресстен Трампка республикачылар да, демократтар да АКШнын өнөктөшү Орусия эмес, НАТО жана Европа экенин эскертишкен. Ошондой эле Москвага каршы жаңы санкциялар тууралуу демилге да көтөрүлдү.

Пол Райан.
Пол Райан.

- Орусияны жоопко тартыш үчүн биз санкцияларды киргизгенбиз. Эгер биздин Эл аралык иштер, каржылык кызмат боюнча комитетибиз, Сенаттын Банк иштери боюнча комитети Орусияга каршы биз киргизе элек санкциялар али бар деп эсептешсе, аларды кароого даярбыз. Биздин көздөгөнүбүз - өткөн окуялардын (шайлоого кийлигишүүнүн) кайра кайталанбашына кепилдик берүү. Ошондой эле биздин өнөктөштөрүбүзгө жардам берүү. Орусиянын агрессиясына кабылышы мүмкүн болгон эски жана жаңы демократияларга колдоо көргөзүү, - деди Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери, республикачыл конгрессмен Пол Райан.

Орусияга каршы кошумча санкциялар боюнча мыйзам кабыл алуу мүмкүн экендигине Сенаттан республикачылардын лидери Митч МакКоннел да токтолду.

Ал эми орус президенти Владимир Путин Хелсинкидеги жолугушуудан соң америкалык FOX телеканалы менен болгон маегинде Орусияга каршы санкция киргизип, аны изоляциялоо аракеттеринен майнап чыкпасын айткан.

Трамп менен Путиндин кызматташуу ниетин көргөзгөн, бирок кандайдыр бир конкреттүү макулдашуусуз аяктаган жолугушуусунун жуп алдында АКШда Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлган эле.

Алар атайын прокурор Роберт Мюллердин тобу жүргүзгөн иликтөөгө караганда, 2016-жылы, шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашкан.

Ал эми 18-июлда АКШ сотунда орусиялык Мария Бутина аттуу жаранга расмий айып коюлганы жатат. Вашингтондогу Америка университетинин студенти, 29 жаштагы Бутина 15-июлда камакка алынган.

Мария Бутина.
Мария Бутина.

​Ал америкалык саясатчылар, саясий уюмдар менен байланыш орнотуу аркылуу Орусия үчүн жашыруун агент катары аракеттенген деп айыпталууда. Бирок Бутина Орусиянын тыңчысы катары күнөөлөнгөн жок.

Буга байланыштуу Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов ТАСС агенттиги менен болгон маегинде алар камактагы орусиялык жаранга жолуга албай жатканын маалымдап, анын окуясында “эч жаңы нерсе жок”, “АКШнын атайын кызматтары Орусия жарандарына аңчылык кылууда” деген оюн билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG